Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн үстүнөн боюн таштоого аракет жасаган

"Жалда" үйдүн үстүнөн боюн таштоого аракет жасаган аялды милиция алып кетти

1092
(жаңыланган 17:08 12.04.2017)
Суицид жасоого аракет кылган аял мындай кадамга эмнеге барганы такталууда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. "Жал" кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн үстүнөн боюн таштоого аракет жасаган аялды милиция алып кеткендигин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

© Видео / Тимур Тынчтыкбеков
"Жал" кичирайонундагы үйдүн үстүнөн бир аял өзүн таштоого аракет кылууда

Буга чейин окуя болгон жерге Бишкек шаардык милициянын кызматкерлери жөнөп кеткени маалымдалган. Мындан тышкары, окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары иштеп жатканы белгилүү болгон

"Боюн таштоого аракет жасап жаткан аялдын жанына эркек киши келип кечирим сурап жатты. Акыры аял анын тилин алды окшойт, жерге түшүп, милиция кызматкерлери аны алып кетти", — деди күбө.

Ал эми курулуп жаткан үйдүн юристи боюн таштоого аракет кылган жаран 18 жаштагы келин экенин билдирди. Ал өзүн үйдө үлүшү бар адам катары тааныштырып, чатырга чыгып кеткенин белгиледи. 

"Ал жолдошун өзү чакырыптыр. Күйөөсү жубайынын тилин таап чатырдан алып түштү", — деди юрист. 

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
1092
Белгилер:
суицид, "Жал" кичи району
Тема боюнча
"Жал" кичирайонундагы үйдүн үстүнөн бир аял өзүн таштоого аракет кылууда
Сейсмограф маалыматтары. Архив

Түндө Кочкордо эки жолу жер титиреди

5
(жаңыланган 10:15 30.11.2020)
Жердин силкинүүсү алгачкысында төрт, андан кийинкисинде үч баллга жеткен. Биринчи менен экинчи жер титирөөнүн аралыгы өтө узак болгон эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түндө Нарын облусунун аймагында эки ирет жер силкинип, очогунда күчү 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө саат 23:47де Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаары. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Андан кийин афтершок болгон. Тагыраагы, 30-ноябрда түнкү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында жер дагы силкинип, ал 3 баллга жеткен. Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

5
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Кочкор, Кыргызстан
Тема боюнча
Эртең менен Ошто жер титиреди
ӨКМ кызматкери Бишкектеги өрттү өчүрүүдө. Архив

Бишкектин Горький көчөсүндө үй өрттөнүп жатат

10
(жаңыланган 10:03 30.11.2020)
Тилсиз жоонун эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Алгач ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада, андан соң экинчиси жөнөп кетти.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп жаткандыгы туурасында ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо тууралуу кабардан соң саат 08:32де өрт өчүрүүчү бир бригада, андан соң 09:08де экинчиси жөнөп кетти.

Өрттүн эмнеден келип чыкканы белгисиз. ӨКМ ал тууралуу бир аздан кийин маалымдай тургандыгын айтты.

10
Белгилер:
ӨКМ, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда автоунаа өрттөнүп кетти. Видео

Месси "Осасунага" киргизген голун Марадонага арнады. Видео

0
(жаңыланган 10:18 30.11.2020)
Месси бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.

"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси "Осасунанын" дарбазасына киргизген голун Диего Марадонага арнады. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Месси беттештин 73-мүнөтүндө гол киргизип, урмат көрсөткөн. Каталондуктардын капитаны бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.

"Барселона" менен "Осасунанын" беттеши 4:0 эсеби менен талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Месси төртүнчү голду киргизген.

1986-жылдагы дүйнө чемпиону Диего Марадона өткөн шаршембиде 60 жаш курагында көз жумган. Футболчу 1993-жылы аргентиналык "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун намысын коргогон. Месси да өз кезегинде аталган клубдун академиясында тарбияланып, 2000-жылы "Барселонага" өткөн.

0
Белгилер:
эскерүү, Диего Марадона, Лионель Месси, футбол
Тема боюнча
Кароосуз калтырган. Марадонанын дарыгери анын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат
Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады