Алайда бийик жардан кулап кеткен киши аман калды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАлай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Курманжан даткан айылында 20 метрлик жардан кулап кеткен киши аман калганын ӨКМ билдирди
Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Курманжан даткан айылында 20 метрлик жардан кулап кеткен киши аман калганын ӨКМ билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Курманжан даткан айылында 20 метрлик жардан кулап кеткен киши аман калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктаган киши 60 жашта. Окуя болгон жерге тартылган үч куткаруучу жабыркаган адамды алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда анын абалы канааттандырарлык экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0