ШИИБ: өз жанын кыюуга белсенген жигит жанындагы кемпирди өлтүрүп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган киши психикалык диспансерде каттоодо турганы аныкталган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте жаш жигит өзүнүн чоң апасынын өлүмүнө шектелип жатканын Бишкек ШИИБ билдирди.

Окуя кечээ болгон. Маалыматка ылайык, жигит өз жанын кыюуга аракет кылып, эч кимге дооматы жок экенин айткан кат жазып койгон.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кукси бышыруудан чыккан чыр бир адамдын өмүрүн алды
Небересин токтотуп калууга аракет кылган кемпирди жигит колунун тамыры менен кекиртегин кескен бычак менен бир урган. Бычак аялдын кекиртегин кесип кетип, каза болгон.

Киши өлтүрүүгө шектелген жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган киши психикалык диспансерде каттоодо экени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0