Маршрутка кабылган кырсык: жабыркагандардын арасында өспүрүм бар

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСтолкновение микроавтобуса с легковой машиной на улице Байтик баатыра в Бишкеке
Столкновение микроавтобуса с легковой машиной на улице Байтик баатыра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн саат 18.00дөр чамасында Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил унаа кагышып, жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте эл ташыган маршрутканын кырсыкташынын айынан жаракат алган беш адам Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилгенин медициналык борбордон Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты. 

Маалыматка караганда, борборго беш адам келип түшкөн. 

“Бизге беш адам келип түштү. Алардын үчөө амбулатордук негизде дарылана турган болсо, экөө ооруканага жаткырылды”, — деп Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунан маалымдашты. 

Ал эми шаардык Балдар клиникалык ооруканасынын травмотологу Ажы Валиев ооруканага Тез жардам кызматы менен бир бала алынып келингенин айтты. 

Бишкекте жеңил унаа менен кагышып, капталы менен сүрүлүп кеткен маршрутканын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жеңил унаа менен кагышып, капталынан сүрүлүп кеткен маршрутканын видеосу
“Биз 14 жаштагы баланы кабыл алдык. Абалы туруктуу. Алдын ала диагноз боюнча анын баш мээси чайкалган. Эртең толук белгилүү болот”, — деди Валиев. 

Белгилей кетсек, бүгүн саат 18.00дөр чамасында Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышып, маршруттук такси бир нече аралыкка капталынан сүрүлүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0