Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнан уулангандардын саны 33кө жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский центр крови в Бишкеке
Республиканский центр крови в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча бейтаптар 15-апрелде кыз узатуу салтанатынан кийин дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнан уулангандардын саны 33 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Сотрудники больницы - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда ууланып ооруканада жаткан окуучулардын бешөө реанимациядан чыкты
Белгилей кетсек, 18-апрелде Базар-Коргондо кудага баргандардын 23ү ууланып, ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча бейтаптар 15-апрелде кыз узатуу салтанатынан кийин дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушкан.

Мекеменин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Маматжан Мияновдун берген маалыматында бүгүн, 19-апрелде, эртең менен ооруканага дагы 10 киши алып келинген.

"Жаткырылгандардын абалы жакшы, эки гана бейтаптын абалы орто деп бааланууда. Жер-жерлерде тамактан уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен бейтаптарга керектүү дары-дармек жетиштүү экенин, аларга тийиштүү жардам берилип жатканын кошумчалашты.

Консерваланган азыктан ууланганда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0