Москвада кош бойлуу кыргызстандык келин киши колдуу болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАялды муунтуп жаткан аял. Архив
Аялды муунтуп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келиндин атасы жок, апасы майып болгондуктан сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн мекендештер каражат чогултуп жатат. Маркум тирүү маалында айлыгын алар замат мекенге кайтууну көздөп жүргөн.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Москва шаарында 25 жаштагы аял киши колдуу болуп каза тапканын Sputnik агенттигине Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Анын айтымында, келин кош бойлуу болгон.

"Москва шаарында кош бойлуу кыргызстандык аял бейшемби күнгө караган түнү киши колдуу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал муунтулуп өлтүрүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деди Алиев.

Рассмотрение ходатайства следствия об аресте подозреваемых в подготовке теракта в Москве - Sputnik Кыргызстан
Хабаровскиде ФСБнын кабылдамасына кол салуу болуп, эки адам мүрт кетти
Ал эми маркумдун таежеси Асыл Эркинбекова жээни тирүү маалында айлыгын алар замат мекенине кайтууну көздөп жүргөнүн билдирди.

"Жээним Кара-Балтада жашачу. Москвага 1,5 жыл мурун келип, чакан кафеде бармен болуп иштеп жүргөн. Алты айлык боюнда бар болчу. Күйөөсү менен таарынышып кетип, жалгыз жашап калган. Окуя өзү жашаган үйдүн ашканасында болуптур. Аркы бөлмөдө уктап жаткандар эч нерсе көрбөгөнүн айтып жатышат. Жээним айлык алар замат Кыргызстанга кетүүнү пландап жүргөн эле", — деди Эркинбекова.

Анын айтымында, келиндин атасы жок, апасы майып болгондуктан сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн мекендештерден жардам сурап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0