Бишкектеги ишканадан 20 миң доллар катылган сейф уурдалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСейфтеги акча каражаттары. Архив
Сейфтеги акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте камсыздандыруучу компания тонолду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч түзүмдөрүндөгү өздүк булак билдирди.

Анын айтымында, кылмышкерлер 22-апрелге караган түнү компаниянын имаратына киришкен.

"Уурулар 64 жаштагы кароолчунун колун байлап, күч колдонуу менен акча кайсы жакта сакталгандыгын аныкташкан. Сейфти Hyundai Accent унаасына жүктөп, из жашырышкан. Сейфте 20 миң доллар жана 150 миң сом болгон", — деп булак билдирди.

Ал ошондой эле шектүүлөргө карата издөө жарыялангандыгын кошумчалады.

Аталган маалыматты ИИМ тастыктап, бирок маалымат берүүдөн баш тартышты. Ал эми камсыздандыруу компаниясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0