Жалал-Абаддагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны экиге жетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда көчкү басып калуу коркунучунда турган жети турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 23-апр. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагынын Хаят айылында 23-апрель күнү саат 17.15дер чамасында жер көчкү жүрүп төрт адамды басып калган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарларды.

Билдирмеде жер көчкү тоонун боорундагы булакка суу түтүктөрүн улап жүргөн сегиз адамдын төртөөсүн басып калганы айтылат.

“Көчкү алдында калган төрт адам жергиликтүү тургундар менен куткаруучулар тарабынан чыгарылган. Алардын бирөө ошол жерде каза тапса, экинчиси ооруканага баратканда жан берди. Ал эми калган эки адамдын абалы оор”, — деп айтылат маалыматта. 

Учурда көчкү басып калуу коркунучунда турган жети турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган аймакка көчкү боюнча 10 күн мурда эскертүү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0