Өзгөн: аты менен кошо сууга агып кеткен 27 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАрыкты өтүп жаткан атчан адам. Архив
Арыкты өтүп жаткан атчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач айыл тургундары маркумдун минген атны, үч сааттан кийин сөөгү табышкан.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл аймагында минген аты менен сууга агып кеткен 27 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 24-апрель күнү 12:30дар чамасында болгон. Токой участкасында Чангет суусунан өтүүгө аракет кылган кишини шар агым минип жүргөн аты менен агызып кеткен.

"Минген аты ылдыйкы Кара-Кыя айылынан, ал эми ошол эле күнү саат 15:25те айыл тургундары тарабынан жигиттин сөөгү табылган",— деп жазылат кабарда.

Маалыматтар боюнча маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0