БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өзгөндө тракторчу бир адамды сүзүп алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 24-апрель күнү Жылалды айыл өкмөтүндө болгон.
"Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалда болгон. Кырсыкка кабылган улгайган адам окуя болгон жерде мүрт кеткен", — деп жазылат маалыматта.
Трактор айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.