Бишкекте окуучулар бычакташа кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицейге ачык эшик күнүнө карата келген окуучулар менен студенттердин арасында мушташ чыккан.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектеги №91 кесиптик лицейинде мектеп окуучулары менен студенттердин арасында уруш чыгып, бычакташа кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, 27-апрель күнү училищеде ачык эшик күнү болуп, лицейге "Ак-Өргө" жаңы конушундагы №77 мектептин окуучулары келишкен.

"Окуучулар жергиликтүү балдар менен уруша кетти. Пикир келишпестик мушташка айланып, жыйынтыгында бир бала бычак жеп, ооруканага жеткирилди", — деди күбө.

Бишкек ШИИБден бул маалыматты тастыкташты.

Финал казахстанских хоккейных клубов Томирис и Айсулу - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын хоккейчи кыздарынын мушташы тартылган видео тарады
"Окуя болжол менен 13.30дар чамасында болгон. Окуучулар менен студенттер имараттын ичинен уруша кетип, сыртка чыгып мушташышкан. Ошол учурда 16 жаштагы студент учтуу нерсе алып чыгып, 15 жаштагы окуучуну ич жагына сайып ийген", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0