Өзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөөгө 100 куткаруучу тартылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөөгө 100 куткаруучу тартылды
Өзгөн: жер көчкү алдында калгандарды издөөгө 100 куткаруучу тартылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлөмү 1 миллион кубометрди болгон жер көчкү жүрүп, жети турак-жайды жашоочулары менен басып калган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 24 кишини басып калган. Аларды куткаруу үчүн учурда 100 куткаруучу тартылганын ӨКМ билдирди.

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу аймактар. Карта - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер
Маалыматка ылайык, 29-апрелде эртең менен көлөмү 1 миллион кубометрди болгон жер көчкү жүрүп, жети турак-жайды жашоочулары менен басып калган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун башчылыгында издөө иштерин жүрүүдө. Андан сырткары тийиштүү органдардын башка жетекчилери да жер көчкү жүргөн аймакка чыгып кетишкен.

Кошумча издөө иштерин жүргүзүү үчүн дагы 34 куткаруучу чыгып кетти.

ӨКМ бул жердеги элге жер көчкү кооптуулугу бар экендиги туурасында 2017-жылдын 28-мартында эскертүү берилгенин кошумча билдирди.

Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0