БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзгөндүн Аюу айылында жер көчкү алдында калган жарандарды издөөнү токтотуп, ошол жерди мазарга айлантуу каралууда. Бул туурасында Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмуханбет Мокошев билдирди.
Анын айтымында, айылдыктарды коопсуз жайга көчүрүү үчүн 30 чатыр тигилген.
"Кечээ кечинде кар аралаш жаан жааган. Учурда көчкү алдында калган жарандардын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анда издөө иштерин токтотуп, ал жердин айланасын тосуп мазарга айлантуу каралып жатат", — деди Мокошев.
Ал айылда дагы 69 үй-бүлө ӨКМдин атайын чатырларына жана туугандарыныкына көчүрүлгөнүн кошумчалады.
Ал арада жер көчкү алдында калгандардын жакындарынан жети киши ооруканага түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Алардын бешөө невроз диагнозу менен, дагы бири гипертоникалык оору менен дарыгерлердин кароосунда. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык экени айтылып жатат. Ал эми инсультка кабылган дагы бир жаран реанимацияда, абалы оор деп бааланууда.Министрлик бейтаптардын баарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.
Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.
Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.
Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
Ханойдогу карнавал
Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
Ралли Дакар марафонундагы жарыш
Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектиндеги батирин ачып киргенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.