БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Жер көчкү басып калган Аюулуктарды издөөдө 39 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Көчкү алдында калган он бир турак жайдын бирөөндө эч ким жашаган эмес.
30-апрелде түш ченде 12 жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган.
Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.
"Сөөк 2-майда 18:45те табылган. Ал 39 жаштагы жаран болуп чыкты", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Издөө иштери дүйшөмбү күнү саат эртең мененки сегизде башталган. Учурда ал жерде 280 кишиден турган куткаруучулар — аскерлер, ӨКМ кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана айылдыктар издеп жатат.
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.
Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.
Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.
Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
Ханойдогу карнавал
Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
Ралли Дакар марафонундагы жарыш
Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектиндеги батирин ачып киргенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.