Ош: жер титирөөдөн үйлөр бузулуп, мал кырылды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуПоследствия сильного землетрясения в селе Карамык Чон-Алайского района
Последствия сильного землетрясения в селе Карамык Чон-Алайского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карамык айылында таш кулап, жергиликтүү тургундун жайытта жүргөн 110 коюн басып калды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Чоң-Алай районунда бүгүн катталган жер титирөөдөн улам бир нече турак үйлөр жана социалдык жайлар авариялык абалга келгени белгилүү болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, бүгүн күндүн биринчи жарымында Бишкек жана Ош шаарларында жер силкинген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Шибе, Карамык айылдарында жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткен.

"Шибе айылында 118 үй изилденип, анын ичинен 9 там, Кара-Тейит айылында 100 үй изилденип, анын ичинен 17 үй, Жекенди айылында 36 үй изилденип, ичинен 15 үй, бир мектеп жана бир ФАП авариялык абалга келгени белгилүү болду. Чулук айылындагы бир үй жабыр тартып, мектеп имаратында майда жаракалар пайда болгон", — деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле Карамык айылында таш кулап, бир жарандын жайытта жүргөн 110 коюн басып калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0