Чек арада жер силкинип, Чоң-Алайдын айылдардында 4 баллга жетти

Жазылуу
Министрликтен кыйроолор боюнча маалыматтар такталып жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасынын аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, очогу ошол жерде экени кабарланды. Бул туурасында ӨКМ Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына таянып билдирди.

​Саат 11:15теги жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 балл, Баткенде 2,5-3 балл болгон.

Последствия землетрясения в селе Шибээ - Sputnik Кыргызстан
Оштогу жер титирөө: мектептен качып чыктык, окууну улантуудан коркуп жатабыз
Министрликтен кыйроолор боюнча маалыматтар такталып жаткандыгын айтышты.

Мындан эки күн мурда, 3-майда жер силкинип, Чоң-Алайда күчү 5 баллга жетип, мал короолор бузулган. Уранды алдында калган бир адамды жергиликтүү тургундар куткарган болчу.

Ал эми 4-майда 4 баллга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0