БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчүп, 30 үйдү жана 35 электр мамычасын басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Көчкү 5-май күнү 14:30дар чамасында Курбу-Таш менен Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн.
"Жаратылыш кырсыгы болорун алдын ала билгендиктен бул үйлөрдүн тургундарын башка жакка көчүргөнбүз. Эч ким жабыркаган жок", — дешти ӨКМден.
Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев Жалпак-Таш айылынын тургундарына жер көчкү болорун алдын ала эскертишкенин жана алар коопсуз жайга көчүрүлгөндүгү тууралуу маалымдаган. Айыл тургундарына 15 чатыр тигилип, медициналык пункт уюштурулду.
Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.
"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 16 жаштагы кызга "жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм" деп опузалап 300 миң сом талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга 43 жаштагы аял кайрылып, декабрь айынан бери кызынын сүрөттөрүн интернетке чыгарам деп ири суммада акча өндүрүп алган адамга чара көрүүнү суранган.
Шектүү өспүрүм кызды коркутуп, үйүндөгү 300 миң сомдук алтын буюмдарын саттырып, акчасын коротуп жибергени белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну кармалган.
Ал жасаган ишин толугу менен мойнуна алган. Соттун чечими менен үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.