Баткенде милицияны капотко жаткырган бойдон сүйрөп кеткен видео тарады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Facebook пользователя Жыргалбека Атамалиева.
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Жыргалбека Атамалиева. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 6-май күнү борбордук базардын жанындагы Нургазиев көчөсүндө болгон. Инспектор жаракат алган эмес.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Баткенде айдоочу Кайгуул милициянын инспекторун капотко жаткырган бойдон бир нече аралыкка сүйрөп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 6-май күнү борбордук базардын жанындагы Нургазиев көчөсүндө болгон.

"Opel автоунаасынын айдоочусу жол белгисин көзгө албай, эреже бузуп баратканда инспекторлор токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу баш ийбей сапарын уланткан. Аны токтотууга аракет жасаган милициялардын бири алдынан чыкканда, капотко жаткырган бойдон сүйрөп кеткен. Ал бир нече аралыкка чейин капотко жармашып барып, жерге түшүп калган. Айдоочу ага карабай качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, инспектор жаракат алган эмес. Эреже бузган айдоочунун унаасынын мамлекеттик номуру белгилүү болгону менен өздүгү азырынча тактала элек. Издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0