Караколдогу зоопарктан качып чыгып канжалап жүргөн карышкыр атылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКарышкыр. Архив
Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакка оозу канжалаган карышкыр шаардын көчөсүнөн чуркап бараткан видеосу тараган.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Караколдогу зоопарктын торун белгисиз бирөөлөр кесип салгандыктан ал жактагы карышкыр качып кеткенин зоопарктын директору Салтанат Сейитова билдирди.

Окуя 10-майда эртең менен болгон. Сейитова ошол замат укук коргоо органдарына, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине билдирген. Элдин коопсуздугун эске алуу менен зоопарктын жетекчилигинин макулдугу менен карышкыр качып кеткенден кийин бир сааттан соң атылган. Биринчи ок анын тумшук жагына тийгендиктен оозу канаган.

"Карышкыр абдан коркуп калгандыктан тирүүлөй кармаганга мүмкүн эмес болчу. Вандалдардын айынан бир жашка чыгып калган канчык карышкырды атууга туура келди. Аны атып салбаганда кишилерге кол салмак", — деди Сейитова.

Ал ошондой эле зоопаркка келгендерди жана шаар тургундарын зоопарктын мүлкүнө аяр мамиле жасап, аны бүлдүрбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0