Санкт-Петербургдагы теракт: жанкечтинин шериги делген адам кармалды

© Фото / ЦОС ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүФСБ России пресечена деятельность диверсионно-террористической группы
ФСБ России пресечена деятельность диверсионно-террористической группы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Эрматовдун терактыга катыштыгы бар-жогу тергелип жатат.

БИШКЕК, 11-май – Sputnik. Орто Азиянын жараны Москвада жардыруучу каражаттарды мыйзамсыз сатып келгендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу РИА Новости Федералдык коргоо кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Задержание одного из организаторов теракта в метро Санкт-Петербурга А. Азимова - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы терактыга шектүү Азимов КР жарандыгынан 2013-жылы чыккан
Маалыматка караганда, кармалган Эрматов апрель айында Санкт-Петербургдагы метродон өзүн жардырган террорчу Акбаржон Жалилов менен тааныштыгы болгон.

Учурда Ибрагимжон Эрматовдун терактыга катыштыгы бар-жогу тергелип жатат.

Белгилей кетсек, 3-апрелде "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, 15 киши каза болуп, элүүдөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул фактынын негизинде Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Жардыруу жасады деп Россиянын 22 жаштагы тургуну шектелип, анын Кыргызстандын Ош облусунда төрөлгөнүн УКМК ырастаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0