Ошто карусель кулап, адамдар жабыркады

© Sputnik / Табылды КадырбековКарусельде ойноп жаткан адамдар. Архив
Карусельде ойноп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде опертивдүү тергөө тобу иш алып барууда.

БИШКЕК, 14-май – Sputnik. Ош шаарынын Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, адамдар жабыркады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОбрушение карусели с людьми в парке имени Навои в городе Ош
Обрушение карусели с людьми в парке имени Навои в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Обрушение карусели с людьми в парке имени Навои в городе Ош

Анын айтымында, төрт адам ооруканага жаткырылган. Бирөөсү реанимация бөлүмүндө. Мындан башка дагы төрт адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө кое берилген. 

“Кырсык болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү тергөө тобу иштеп жатат”, — деди Сыдыков. 

Ал тиешелүү экспертизалар дайындалганын маалымдап, иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу эртең кошумча маалымат берилерин айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0