Ошто кулаган карусель боюнча кылмыш иши козголду. Бир адамдын абалы оор

© Фото / Зульфия ТургуноваОбрушение карусели с людьми в парке имени Навои в городе Ош
Обрушение карусели с людьми в парке имени Навои в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык боюнча Ош ШИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ошто калаа мэринин тапшырмасы менен эс алуучу жайлардын коопсуздук жана техникалык стандарттары кароодон өткөрүлөт. Бул боюнча Ош шаардык мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлүп иш алып барууда.


Эскерте кетсек, 14-майда кечки саат 17.30да Ош шаарынын "Алишер Навои" эс алуу багында карусель кулап 11 адам жабыркап ооруканага түшкөн. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын "Алишер Навои" эс алуу багында карусель кулаган
Обрушение карусели с людьми в парке имени Навои в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын "Алишер Навои" эс алуу багында карусель кулаган

Маалыматта кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнү айтылат.

"Кулаган карусель жайгашкан "Алишер Навои" паркын "Балдар келечеги" ЖЧКсы ижарага алып иштетип келген. 2016-жылдын февраль айында ижара мөөнөтү дагы беш жылга узартылган. Андагы келишимдерге ылайык, ижара алган тарап коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттендирилген", — деди Исраилов.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын бирөө оор абалда экенин Ош шаардык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарипов аймактык кабарчыга билдирди.

Парк аттракционов Диво-Остров в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Түркияда 15 метр бийиктикке көтөрүлгөн аттракцион жерге жетпей үзүлүп кетти
"Ооруканага жалпы 11 адам кайрылган. Алардын үчөө жаш бала болгондуктан облустук балдар ооруканасына жиберилди. Калган сегиз адамдын бешөө амблатордук жардам алып үйлөрүнө кайтты. Ал эми бирөөнүн баш мээси жабыркап, оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы экөөнүн абалы канааттандырарлык. Алар омурткасынан жана баш мээсинен жаракат алган", — деди дарыгер.

Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош облусу боюнча башкы инспектору Асанбек Мамыраимов каруселдерин техникалык коопсуздугуна ижара алган мекеме жооптуу экенин билдирди.

"Өткөн жылы шаардагы мамлекетке караган "Токтогул" эс алуу жайынан техникалык талапка жооп бербеген үч карусель ишин токтоткон, быйыл да бир каруселди алуу боюнча тапшырма берилген. Ал эми "Алишер Навои" паркын ижарага алган ишкер өзү кароодон өткөрүшү керек болчу. Негизи эле Ошто буларды көзөмөлгө ала турган кызматтын жоктугу өкүндүрөт", — деди Мамыраимов.

Ал эми Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков бул боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0