"Жигули" кагып кеткен мотоциклдеги киши каза болуп, уулу оор абалда. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМотоциклист. Архив
Мотоциклист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Түп районунда болуп, киши ооруканага алып баратканда жолдон үзүлгөн. Ал эми бала оор абалда ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түп районунда баласы менен мотоциклде кетип бараткан мал доктурду жеңил автоунаа коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон жаран билдирди.

Бишкек — Нарын — Торугарт мамлекеттик трассасы өткөн Оттук айылын жашоочулары митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Оттук айылында бала каза тапкандан кийин элдин суранычы орундала баштады
Анын айтымында, кырсык 16-майда болжол менен саат 16:00дөр чамасында Күрмөнтү айылында болгон. Сары-Булак айылынын тургуну ага жакында эле берилген мотоциклге 13 жаштагы баласын укчкпштырып кетип бараткан. Жолдун каршы тарабында келе жаткан "Жигули-99" машинасынын ичинде жаш жигиттер бар болчу. Аны мас абалындагы киши айдап бараткан.

Ал капысынан жолдун каршы тарабына чыгып, мотоцикл менен бетме-бет кагышкан. Мал доктурдун баласы соккудан улам жолдун четине ыргып, мотоцикл машинанын алдында калган. Жигули аны дагы 50 метрдей сүйрөп барып, ичиндегилер окуя болгон жерден качып кетишкен.

"Бала менен кишини оор абалда райондук ооруканага алып кетишкен. Ал жактан баланы гана кабыл алышыптыр. Кишини облустук ооруканага жөнөтүшкөн, ал Караколго алып бараткан жолдон үзүлдү. Баланы бүгүн Караколго операция жасатууга алып келишти", — деди күбө.

Түп РИИБи жол кырсыгы тууралуу маалыматты ырастап, айдоочу мас абалында болгонун баса белгиледи. Аны башкалар менен чогуу 16-майдын кечинде кармашкан. Айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Мотоцикл мал доктурга жакында эле кызматтык унаа катары берилген. Ушундай эле мотоциклдер март айынын аягында Ош облусунун ветеринарларына таратылган

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0