Милиция Чолпон-Атада "уурдалды" делген эки жашар кыз боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь и быт жителей Нарынской области
Жизнь и быт жителей Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр бул материал прокуратурага өткөрүлүп, юридикалык баа бергенден кийин аялга карата чара көрүлөт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинде эки жашар кызды бейтааныш аял "уурдап" кетти деп айрым ЖМКларга чыккан маалымат боюнча Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, аталган факты "дайынсыз жоголуу" деп милицияга каттоого алынган.

"Кечээ Бишкектен бир үй бүлө төрт баласы менен "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алганы келип, каттоо иштерин жүргүзүп жатканда эки жашар кызы бир аз убакытка кароосуз калып, сыртка чыгып кетиптир. Кызын таппай калган ата-эне өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпаганда милицияга кайрылышкан. Милиция видеокөзөмөлдү карап, бейтааныш аял наристени жетелеп баратканын байкаган", — деди ал.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соңку үч жылда чет элдиктер Кыргызстандан 66 бала асырап алган
Усубакунов ошондой эле аял кечинде эле табылып, жоголгон кыз аман-эсен экенин кошумчалады. Аял сурак учурунда наристени уурдабаганын, кечинде көчөдө ыйлап жаткан баланы көрүп, аны эртең менен тийиштүү органдарга айтам деп өзү менен чогуу алып кеткенин айткан.

Усубакунов азыр бул материал прокуратурага өткөрүлүп, алар юридикалык баа бергенден кийин аялга карата чара көрүлөрүн кошумчалады.

Учурда аял кармалып, эки жашар кыз ата-энесине берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0