Миң-Куштагы катуу шамал спорт зал менен бала бакчанын чатырын учуруп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района
Жизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү органдын кызматкерлери кырсык болгон жерге келип, келтирилген чыгымдарды тактап жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал спорт зал менен "Байчечекей" бала бакчасынын чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Шамал 18-майда болжол менен саат 17:30дар чамасында катталып, Миң-Куштан тышкары Кабак айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы сарайга да зыян келтирген.

Тийиштүү органдын кызматкерлери кырсык болгон жерге келип, келтирилген чыгымдарды тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0