Үч айлык ымыркайды 10 миң сомго сатып жиберди делген аялдар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековДетская соска на национальной валюте. Архивное фото
Детская соска на национальной валюте. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-майда Гоголь жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен Назира аттуу аял үч айлык ымыркайды алдамчылык жолу менен К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жиберген.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектеги Свердлов райондук ИИБине Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну кайрылып, чала тааныш 28-30 жаштардагы Назира аттуу аялга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматта 12-майда Гоголь жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде Назира аттуу аял арыз ээсин алдап, анын үч айлык кызын К.А. аттуу аялга 10 миң сомго сатып жибергени айтылат.

"Аталган факты боюнча Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары үч жаран кармалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Колго түшүрүлгөндөрдүн ичинен Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы жана 35 жаштагы тургундары ымыркайды сатууга ортомчулук кылышкан. Ошондой эле наристени 10 миң сомго сатып алган Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Кармалган аялдар Свердлов РИИБине өткөрүп берилген. Үч айлык ымыркай Бишкек шаарындагы балдардын атайын үйүнө соттун чечими чыкканга чейин берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0