Таш-Көмүр шаарында жоголгон 14 жашар баланын сөөгү Нарын дарыясынан табылды

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-класстын окуучусу 17-май күнү Кичи-Курулуш аймагындагы мектепке кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында жоголуп кеткен 14 жашар баланын сөөгүн суучулдар Нарын дарыясынан таап чыгышканын ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жоголуп кеткен баланын сөөгү бүгүн саат 10.50дө табылган.

8-класстын окуучусу 17-май күнү Кичи-Курулуш аймагындагы мектепке кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Анын сумкасы, соткасы жана үстүндөгү кийими Нарын дарыясы тараптан табылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0