Пакистанда виза жасалмалоого шектелген кыргызстандык жарандын соту болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элчилиги жеңил жаза берилерине үмүт артууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Пакистанда виза жасалмалоого шектелген кыргызстандык жарандын соту өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Аталган факты боюнча Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Карачи шаары боюнча Федералдык тергөө агенттигинин (FIA) өкүлү Мухаммад Шоиб Хан менен жолуккан.

Случаи подделывания паспорта гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Алдамчылык, теракт — кыргыз паспортунун кадырына шек келтирген фактылар
Маалым болгондой, кыргызстандык жаран аталган шаардын аэропортунан Бишкекке Дубай аркылуу учууга аракет жасап жаткан жеринен кармалган. Ал Пакистандын медреселеринин биринде билим алып келет.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, виза жасалмалоону уюштурууга катышы бар адамдар изделип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, соттук отурум 24-майга белгиленген.

Кыргызстандын элчиси менен FIA сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, аталган агенттик шектүүнү мекенине депортациялоону соттон суранмай болду.

Элчиликтин өкүлдөрү кармалган киши менен жолугушкан. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0