БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Чаткалда Айгыржал — Каныш-Кыя унаа жолундагы көпүрөнү Чаткал дарыясы жууп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн таңда, саат 04.00 чамасында болгон.
"Чаткал дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Айгыржал — Каныш-Кыя унаа жолунун 61-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөнү жууп кетти", — деп жазылат маалыматта.
Учурда унаалардын өтүүсүнө мүмкүнчүлүк жок болууда. Бирок аталган айылга баруу үчүн эки чакырым ылдый жагында унаа өтүүчү айланма көпүрө бар.
Чаткал дарыясынын деңгээли жогору болгондуктан калыбына келтирүү иштери убактылуу токтотулду.