Токмоктук милиционер аялды муунтуп кыйнаган деп шектелип жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на людей
Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя жыл башында катталган, бирок кылмыш иши май айында гана козголду.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүндөгү кызматкерлердин бири аялды муунтуп кыйнаган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Мекеме жабырлануучу милицияга 11-февралда эле арыз жазып кайрылганын аныктаган. Аял милиция кызматкери өзүнүн кызматтык кабинетинде аны муунтуп кыйнаганын билдирген.

Бутырский следственный изолятор в Москве - Sputnik Кыргызстан
ГЭС-2 аймагынан өспүрүмдү бычактоого шектелген киши кармалды
Башкы прокуратура 13-мартта материалдарды Улуттук коопсуздук комитетине жиберип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында жабырлануучу жеңил жаракат алганы аныкталып, УКМК кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Бирок 22-майда чечим Башкы прокуратура тарабынан четке кагылып, милиционерге карата Кылмыш жаза кодексинин 305-1 беренеси (кыйноо) жана 305-беренеси (кызматтык абалды кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштери УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0