Сот "Макмал" алтын комбинатынын кызматкерлерин жазага тартты

Жазылуу
Комбинаттан жардыруучу каражаттарды уурдады деп беш киши кармалган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Нарын шаардык соту "Макмал" алтын комбинатынын филиалында иштеген беш кызматкерге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында жардыруучу каражаттарды жүгүртүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн рейдде 27 жаштагы А.Кадырбек уулу кармалган. Анын жанынан салмагы 42 килограммга жеткен жардыруучу каражаттар табылган.

Оцепление района здания Национальной филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция: филармониянын айланасынан бомба эмес, кагаз куту табылды
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси (курал-жарак менен жардыруучу каражаттарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, алтын комбинатында жардыруу иштерин аткарган Ш.Качкынов, Б.Токтосунов жана тоо адистери Ч.Кожошов менен Ж.Нурмамбетов жардыруучу каражаттарды уурдап сатууга айыпталышкан.

Натыйжада Нарын шаарынын соту тарабынан Качкынов менен Токтосунов күчөтүлгөн тартиптеги колонияда сегиз жыл жаза өтөө өкүмү чыкты. Ошондой эле алардын мүлкү конфискацияланды.

А.Кадырбек уулун беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Бирок II топтогу майыптыгы эске алынып, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Кожошов менен Нурманбетовдун ар бирине 30 миң сомдон айып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0