Кыргыз-казак чек арасынан жасалма паспорт менен түрк жараны кармалды

Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек" көзөмөл өткөрүү пунктунан 26-майда Россия жаранынын жасалма паспортун көрсөткөн түркиялык адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын 38 жаштагы жараны Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0