Айдоочу аял: ымыркайдын коляскадан кулашына менин тиешем жок

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүКоляска. Архив
Коляска. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте 24-май күнү ТЭЦтин аймагында унаа тыгын катталып, айдоочулар тротуар аркылуу өтө баштаган. Болжол боюнча унаалардын биринин дөңгөлөгү коляскага тийип, андагы ымыркай жерге кулап түшкөн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте 24-май күнү ТЭЦтин аймагында төрт айлык ымыркай коляскадан кулап калган. Окуя видеого тартылып калып, социалдык тармакта кызуу талкуу жаралды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жарандар менен байланышып, окуянын чоо-жайын аныктап көрдү.

Шаршемби күнү жаш келин Чүй проспектисин бойлой коляскадагы кызы менен кетип бараткан. Жабырлануучунун айтымында, жолдо тыгын жаралып айдоочулар тротуар аркылуу өтө баштаган.

Келин окуяны телефонунун камерасына тартып алган.

"Унаалар тротуар аркылуу баратышты. Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менин жаныма келгенде эмнеге мындай кылып жатканын айттым. Ал болсо газды баскан бойдон кетти, ошондо унаанын алдыңкы дөңгөлөгү коляскага тийип, кызым жерге кулап түштү. Дагы жакшы чөпкө кулады", — деди ымыркайдын энеси.

Учурда ымыркай ооруканада. Оор жаракат алган эмес.

Бишкекте жөө адамдар өтө турган жол чийинден жаш баланы унаа койдуруп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жөө адамдар өтө турган чийинден унаа адамды койдуруп кетти
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен байланышканда, ал унаа коляскага тийбегенин билдирди.

"Тыгынга байланыштуу тротуарга чыгууга туура келди. Коляска сүйрөгөн келин видеого тартып жаткан. Мен аны өткөрүп жиберүү үчүн акырын айдадым. Бирок ал унааны тээп кирди эле жөнөп кеттим. Бирок коляскага тийген эмесмин", — деди Аида.

Айдоочу аял кийинки күнү эртең менен Бишкек шаарынын Кайгуул милициясына келген. Унаасы айып короого токтотулган. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн тергөө башталды.

Учурда милиция калган унааларды издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0