Талас менен Чүйдө үч киши сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКөлмө. Архив
Көлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жарандын сөөгү табылса, бирөөнү куткаруучулар издеп жатат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Талас менен Чүй облустарында 29-май күнү үч жаран сууга чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 29-май күнү саат 13:00дөр чамасында Таластагы Кара-Буура районунун Шекер айылындагы көлмөгө 18 жаштагы бала чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, саат 16:50те баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 6-класстагы бала карындашын куткарам деп өзү каза болду
Ошол эле күнү Бакай-Ата районунда саат 22:00 чамаларында Миң-Булак айылындагы Талас суусуна 10 жаштагы кыз агып кеткен. Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган, издөө иштери уланууда.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө 31 жаштагы жаран саат 13:30дар чамасында чөгүп кеткен. Куткаруучулар саат кечки алтыларда сөөгүн таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0