Министрлик Баткендеги кырсыктан үч эмес, эки киши каза болгонун билдирди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүДарыканадагы бейтап. Архив
Дарыканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыкка 9 киши кабылып, анын алтоо ооруканага түшүп, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Баткен облусунда кечээ болгон жол кырсыгынан милиция билдиргендей үч эмес, эки киши каза тапкандыгын, алты киши аймактын ооруканага түшкөндүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Орозмамат Темировдун берген маалыматы боюнча, 29-майда Кадамжай районунун Бүргөндү айылында болгон жол кырсыгынан эки киши каза таап, алтоо жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 29-майда ИИМдин Кайгуул башкармалыгы алдын ала алынган маалыматтар боюнча Баткен облусундагы жол кырсыктан үч киши көз жумгандыгын билдирген. 

Кабарда жалпысы жол кырсыкка 9 киши кабылып, анын алтоо аймактык ооруканага түшүп, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөндүгү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0