Кыргыз-казак чек арасынан 15 кг героин менен жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран баңгизатын Оштон Москвага алып өтүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан 15 килограмм героин алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Жамбыл облусундагы "Айша биби" көзөмөл өткөрүү пунктунан кызмат ити тинтүү учурунда машинадан шектүү жүктү аныктаган. Атайын аппараттын жардамы менен текшере келгенде жашыл скотч менен оролгон 13 таңгак табылган. Андан сырткары, дагы алты таңгакты машинанын ичине катылган жерден табышкан.

"Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган порошок түрүндөгү зат героин экени аныкталган. Кармалган жаран баңгизатын Оштон Москвага алып өтүүгө аракет кылганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

"Айша биби" көзөмөл өткөрүү пункту Тараз — Талас эл аралык трассасында жайгашкан. Бир суткада аталган жайдан 6-7 миң киши жана миңден ашык түрдүү автотранспорт өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0