Бишкекте Gelandwagen менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышты

Бишкекте эки унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Жабыр тарткандар бар

397
(жаңыланган 22:35 01.06.2017)
Кырсык Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте Gelandwagen менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. 

Анын айтымына караганда, жол кырсык 21.30дар чамасында Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. 

  • Бишкекте Gelandwagen менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышты.
    Бишкекте Gelandwagen менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышты.
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Жол кырсык 21.30дар чамасында Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
    Жол кырсык 21.30дар чамасында Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
1 / 2
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Бишкекте Gelandwagen менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаалар кагышты.

Кайгуул милициясы аталган даректе жол кырсыгы катталганын ырастап, жабыркаган бир нече адам ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Учурда кырсык болгон жерде унаа тыгыны жаралууда.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

397
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Күбөнүн видеосу
"Проблем хочешь?!" ЦУМдун алдындагы окуя
Бишкектеги төрт кабаттуу мейманканасы өртөнүп жаткан учурда

ӨКМ: Бишкектеги мейманканадан чыккан өрт 4 саатта өчүрүлдү

2
(жаңыланган 10:18 17.05.2021)
ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Болжол менен 500 чарчы метр жер күйгөн.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкекте түндө төрт кабаттуу Gold Hotel мейманканасы күйүп, өрт толугу менен саат 00:54тө өчүрүлүдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Жумабек көчөсүнүн №215 дарегинде жайгашкан иштетилбеген мейманканада өрт 16-май күнү саат 21:06да чыккан. ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Болжол менен 500 чарчы метр жер күйгөн.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин ыкчам тобу жана Газ чарба кызматынан бир, Тез жардам кызматынан эки бригада, ИИМден 20 кызматкер, 4 экипаж тартылды", — деп айтылат маалыматта.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:41де чектөөгө алынып, толугу менен 00:54тө өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

2
Белгилер:
ӨКМ, өрт, мейманкана, Бишкек
Тема боюнча
Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу
Бишкекте беш кабаттуу мейманкана өрттөнүп жатат

Бишкекте мейманкана жалындап өрттөнүп жатат. Жеринен тартылган видео

807
(жаңыланган 23:01 16.05.2021)
Куткаруучулар бир аздан кийин кененирээк маалымат берилерин айтышты. Кырсыктан жабыркагандардын бар-жогу азырынча белгисиз. 

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте беш кабаттуу мейманкана өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөлөр жеринен билдиришти.

Алардын айтымында, мейманкана буга чейин иштеп жаткан. Учурда өрт чектөөгө алынганы кабарланды. 

Ал эми ӨКМ Турусбеков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишине чакыруу түшкөнүн кабарлап, жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатканын маалымдаган. 

Куткаруучулар бир аздан кийин кененирээк маалымат берилерин айтышты. 

807
Белгилер:
кырсык, өрт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Видео
Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу