Милиция тарабынан сабалган бала: прокуратура ишти жандантты

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане
Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-май күнү ур-токмок боюнча иш жабырлануучунун жана анын жакындарынын милиция кызматкерлерине эч кандай доосу жок экенин билдиргенден кийин токтулганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жигиттин сабалышы боюнча иш кайра жанданды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 29-январь күнү Токтогул көчөсү менен Манас проспектисининин кесилишиндеги кафелердин биринен милициянын эки кызматкери 21 жаштагы жигитти сабап салышкан. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылган.

НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда милиционер 6-класcтын окуучусун коюп кетти
10-май күнү ур-токмок боюнча иш жабырлануучу жана анын жакындары милиция кызматкерлерине эч кандай доосу жок экенин билдиргенден кийин токтулганы белгилүү болгон.

Маалымат кызмат жабырлануучу кылмыш ишинин доо арыздын негизинде козгоого каршы чыгып, тергөө аракеттерине катышуудан баш тарткан. Ушул себептен улам тергөө бөлүмү ишти токтоткон.

Шаар прокуратурасы бул чечимди жокко чыгарып, иликтөөнү Бишкек ШИИБге тапшырды.

Жабыркаган жигиттин атасы Sputnik Кыргызстан агенттигине иштин жанданышынан кабары жок экенин айтып, мурдагыдай эле шектүүлөргө эч кандай доосу жок экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0