Түрмөгө майонездин ичине телефон салып кирген аял таң калтырды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүУссурийский масложиркомбинат "Приморская соя"
Уссурийский масложиркомбинат Приморская соя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыюу салынган каражаттар пластик таңгагына салынган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. №27 түзөтүүчү колониясында экстремизм жана терроризм боюнча жаза өтөп жаткан кишиге уюлдук аппарат жеткирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГСИН КРЖарым литрлик майонездин ичинен табылган уюлдук аппарат, наушник, заряд берүүчү каражат жана эки SIM-картасы
Передача запрещенных вещей осужденному колонии №27  - Sputnik Кыргызстан
Жарым литрлик майонездин ичинен табылган уюлдук аппарат, наушник, заряд берүүчү каражат жана эки SIM-картасы

Өткөн ишемби күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунан келген аял абактагы кишиге азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда мекеменин кызматкерлери жарым литрлик майонездин ичинен уюлдук аппарат, наушник, заряд берүүчү каражат жана эки SIM-карта табышкан.

Аял түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0