Ысык-Ата районунда фура оодарылып калды. Күбөнүн видеосу

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЧүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда фура оодарылып калган
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда фура оодарылып калган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда фура оодарылып калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, жүк ташуучу унаа Бишкек — Балыкчы жолундагы Люксембург айылында саат 18.50 чамасында кырсыкка кабылган.

"Фуранын айдоочусу катуу ылдамдык менен келе жатып бурулуш жерден рулду башкара албай калды. Ал оор жаракат албагандыктан, Тез жардам кызматын чакырган жок", — деди күбө.

Чүй облустук Кайгуул милициясы авария тууралуу маалыматты тактап жатат.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0