Жалал-Абад — Казарман жолун жер көчкү бөгөп калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСузак районунун Курманбек айыл аймагындагы Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 49-51-чакырымына 4-июнда саат 19:00дөр чамаларында көлөмү 10 000 куб метр жер көчкү түшүп, жолду бөгөп калган
Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 49-51-чакырымына 4-июнда саат 19:00дөр чамаларында көлөмү 10 000 куб метр жер көчкү түшүп, жолду бөгөп калган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүздү.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 49-51-чакырымына 4-июнда саат 19:00дөр чамаларында көлөмү 10 000 куб метр жер көчкү түшүп, жолду бөгөп калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Анын кесепетинен "Альфа-Телеком" ЖАКына таандык узундугу 350 метр байланыш кабели үзүлүп, жараксыз абалга келген.

5-июнда Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүздү.

"2016-жылдын 14-октябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде аталган унаа жол расмий түрдө жабылган", — деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Аталган жол тилкесине 27-майда дагы көлөмү 650-700 миң куб метр болгон көчкү жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0