Милиция кызматкери. Архив

Чүйдүн Панфилов районунда бир маалда үч бала жоголду

731
(жаңыланган 15:45 08.06.2017)
Алар 5-июнда саат 18:30да үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Панфилов районунда жашы жете элек үч бала жоголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

  • Дайынсыз жоголгон Айгерим Сыдыкова
    Дайынсыз жоголгон Айгерим Сыдыкова
    © Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
  • Дайынсыз жоголгон Тахмина Дүйшөнбекова
    Дайынсыз жоголгон Тахмина Дүйшөнбекова
    © Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
  • Дайынсыз жоголгон Рамазан Дүйшөнбеков
    Дайынсыз жоголгон Рамазан Дүйшөнбеков
    © Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Дайынсыз жоголгон Айгерим Сыдыкова

Ага ылайык, 12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбеков, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекова жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова 5-июнда саат 18:30дө чыгып кеткен боюнча үйлөрүнө кайтып келген эмес. Рамазан менен Тахмина бир туугандар болсо, Айгерим алардын кошунасы.

Рамазан Дүйшөнбековдун өзгөчө белгилери — бою 120-125 сантиметр, чачы күрөң, оң көзүнүн алдында калы бар. Үстүнө кызыл түстөгү футболка жана кара жинсы кийген. Панфилов районундагы Панфилов айылынын Подгорная көчөсүндөгү №59 үйдө жашачу.

Тахмина Дүйшөнбекованын өзгөчө белгилери — бою 110 сантиметр, көзү кара, чачы сары, чекесинде кичинекей тырыгы бар. Үстүнө ак футболка, юбка, бутуна кызыл бут кийим кийген.

Айгерим Сыдыкованын өзгөчө белгилери — бою 120-125 сантиметр, кой көз, чачы күрөң, ийинине чейин түшүп турат. Үстүнө күлгүн түстөгү спорттук кийим жана көк түстөгү жинсы шым кийген.

Балдар тууралуу кандайдыр маалымат билгендер болсо Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмүнө 0312 43-01-27, 0312 43-88-85 телефондору аркылуу, Панфилов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0312 60-79-89, 0550 88-87-24, 0701 50 27 03 телефондору аркылуу кабарласа болот.

Жоголгон балдар Ош облусунун Өзгөн районунда табылды. Толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

731
Белгилер:
издөө, балдар, Чүй облусу
Тема боюнча
Милиция Чолпон-Атада "уурдалды" делген эки жашар кыз боюнча түшүндүрмө берди
Пикирлер