Ошто аялдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 17 жаштагы жигит болуп чыкты

© Фото / Зульфия ТургуноваСмертельный наезд на женщину на улице Масалиева в Оше
Смертельный наезд на женщину на улице Масалиева в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү "Жылдызча" балдар бакчасынын алдынан "Nissan" үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү коюп, кырсыкка кабылган аял окуя болгон жерден каза болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин тергөөчүсү Данияр Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, машина койгондон кийин аял жогору карай ыргып, артта келе жаткан "Toyota Avensis" үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы терезесине түшкөн. Тез жардам келгичекти эле алган жараатынан каза болгон аял аталган бала бакчада ашпозчу болуп иштеп келген.

"Жөө адамды коюп кеткен айдоочу 17 жаштагы Акылбек уулу Темирлан кырсык болгон жерден кармалды", — деди Маматалиев.

Учурда адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0