Аялдын чачын кырып, бир жума бою зордуктады делген үч киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи семейного насилия в КР
Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелип кармалган жарандар аялды кордоп, чачын устара менен кырып салышкан.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Майлуу-Сууда аялды бир жума бою камап коюп, зордук-зомбулук көрсөтүп зордуктады делген үч киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 18-майда Сузак районунун 41 жаштагы тургуну Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн аялдамадан автоунааны токтоткон. Андан бейтааныш үч киши чыгып, Кочкор-Ата шаарына чейин алып бара турганын айтып, унаасына салып кетишкенин жабырлануучу милицияга кайрылып, айтып берген.

"Алар аялды Кочкор-Ата шаарына алып барбай, жолдо баратып эч себепсиз эле ур-тепкиге алып, Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келишкен. Аны ал жактан чыгарбай бир жума бою токмокко алып, каршылык көрсөткөнүнө карабай зордуктап, чачын устара менен кырып салышкан", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучунун айтымында, бейтааныш кишилер аны 18-майдан 25-майга чейин кордошкон. Акырында ал эптеп качып чыккан. Кордолгон аял Майлуу-Суу шаардык биргелешкен ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Кызды ийининен кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чак түштө окуучу кызды зордуктоого аракет кылган киши. Окуянын чоо-жайы
Бул факты боюнча Майлуу-Суу милициясы тарабынан ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, изи сууй электе шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 43 жаштагы тургуну, Көк-Таш айылынын 22 жаштагы тургуну жана Бүргөндү айылынын 36 жаштагы тургуну кармалган. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси (Зордуктоо) жана 125-беренеси (Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) боюнча кылмыш иши козголду.

26-майда Майлуу-Суу шаардык сотунун токтомунун негизинде шектүүлөр эки ай камакка алынып, жабырлануучу аялга сот-медициналык, сот-биологиялык экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0