Таласта кызы менен бараткан кишинин унаасы аласалып, айдоочу көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековПолиция Москвы о ДТП с кыргызстанцами: состояние пострадавших тяжелое
Полиция Москвы о ДТП с кыргызстанцами: состояние пострадавших тяжелое - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу уктап кетип, унаа жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Таласта адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык ИИБ билдирди.

Авария бейшемби күнү болжол менен саат 18.00дөр чамасында болгон.

"Audi үлгүсүндөгү унаада 60 жаштагы киши 14 жашар кызы менен бараткан. Киши уктап кетип, унаа аласалып кеткен", — деди маектеш.

Алган жаракатынан айдоочу ошол жерден мерт кеткен, ал эми өспүрүм жабыркаган эмес.

Учурда аталган факт боюнча тергөө башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0