Ысык-Атада жүк ташуучу унаа менен "Жигули" сүзүшүп бир адам каза болду

© AFP / PHILIPP GUELLANDДорожный знак "Внимание" на автомобильной дороге
Дорожный знак Внимание на автомобильной дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 9-июнь күнү саат 11.00лер чамасында Ысык-Ата районунда болгон.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ысык-Ата районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болгондугун Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Чүй ОИИБнин Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 9-июнь күнү 11.00 чамасында Жетиген айылынын жанында болгон. Анда жүк ташуучу унаа менен "Жигули" сүзүшкөн.

"Унаалар бетме-бет кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу алган жаракатынан кырсык болгон жерде көз жумган", — дешти маалымат кызматтан.

Кырсык боюнча тергөө иштери аткарылып, тиешелүү экспетизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0