Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосунда поезд менен маршрутка кагышкан

Кара-Балтага жакын жерден поезд менен маршрутка кагышты

(жаңыланган 21:29 11.06.2017)
Күбөнүн айтымында, маршрутка темир жолдун ортосуна келгенде өчүп калган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосунда поезд менен маршрутка кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан эч ким каза болгон эмес. Болгону маршрутканын айдоочусунун колу-буту сыйрылган.

"Окуя биздин көз алдыбызда болду. Маршрутка темир жолго чыгып өчүп калды. Бул учурда келе жаткан поезд аны кагып кетти. Бактыга жараша маршрутканын ичинде кишилер жок экен. Ал чоң машинанын дөңгөлөктөрүн ташып баратыптыр", — деди күбө.

Жол кырсыгы болгонун Чүй ОИИББден тастыкташып, ал Москва районундагы Петровка айылында катталганын маалымдашты.

  • Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосунда поезд менен маршрутка кагышкан
    Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосунда поезд менен маршрутка кагышкан
    © Фото / Мирлан Орозбаев
  • Жол кырсыгынан эч ким каза болгон эмес
    Жол кырсыгынан эч ким каза болгон эмес
    © Фото / Мирлан Орозбаев
  • Болгону маршрутканын айдоочусунун колу-буту сыйрылган.
    Болгону маршрутканын айдоочусунун колу-буту сыйрылган.
    © Фото / Мирлан Орозбаев
  • Жол кырсыгы болгонун Чүй ОИИББден тастыкташып, ал Москва районундагы Петровка айылында катталганын маалымдашты.
    Жол кырсыгы болгонун Чүй ОИИББден тастыкташып, ал Москва районундагы Петровка айылында катталганын маалымдашты.
    © Фото / Мирлан Орозбаев
1 / 4
© Фото / Мирлан Орозбаев
Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосунда поезд менен маршрутка кагышкан

Москва райондук үй-бүлөлүк дарыгер борборунун билдиришинче, аларга кырсык тууралуу билдирүү саат 19:12да келип түшкөн жана окуя болгон жерге тез жардам унаасы чыгып кеткен.

Жабыркаган кишинин баш мээси чайкалган болушу мүмкүн деген божомол болгону менен ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Анын Оштон Бишкекке келе жатканы аныкталган.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Белгилер:
темир жол кырсыгы, Кара-Балта, Бишкек
Тема боюнча
Жол кырсыгына үйрөнчүк айдоочулар эмес, тажрыйбалуулар себепкер болот
Бишкекте эки унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Жабыр тарткандар бар
Оорукананын кызматкерлери атайын сактоочу кийимде. Архивдик сүрөт

Өткөн суткада 380 кишиден COVID табылып, 5 адам каза болду. Статистика

(жаңыланган 10:58 22.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 380 кишиден коронавирус табылып, 164 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 246;
  • Ош шаары – 14;
  • Чүй облусу – 91;
  • Ош облусу – 5;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 94;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 44;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан бир кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 566га жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Россия жакынкы аралыкта Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр
Көбөйүп бара жатат. Өткөн суткада 306 кишиден коронавирус табылды
Кызы менен апасы. Архив

Оштогу бала бакчада кыз сабалды деген маалымат боюнча териштирүү башталды

(жаңыланган 17:42 21.04.2021)
Жабырлануучу кыздын энеси шаардык милицияга арыз менен кайрылып, бир нече сүрөттөрдү социалдык тармакка жайгаштырган.

ОШ, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Жасмин" балдар бакчасында беш жаштагы кыздын сабалышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

Ушул жылдын 6-апрель күнү Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Жабыркаган кыздын энеси Instagram баракчасына бир нече сүрөттөрдү жарыялаган.

Ал беш жашар кызын Ош шаарындагы "Жасмин" балдар бакчасында 5-апрелде аталган бакчанын кызматкери сабап, денесине залал келтиргендиги тууралуу жазып, кызматкерге карата тиешелүү жаза берүүнү суранган.

Аталган арыз Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүп, бала бакчанын кызматкерлери суралган.

Кыздын алган жараатын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Бала бакчанын күнөөлөнүп жаткан кызматкери бөбөккө кол көтөрбөгөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милициядан учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.

Белгилер:
милиция, арыз, сабоо, бала бакча, Ош шаары
Тема боюнча
Бишкектин четинде 13 жашар бала киши колдуу болгону айтылууда
Ошто конок үйүндөгү бассейндеги сууга ууланды делип 7 бала ооруканага түштү
Бишкек шаары. Архив

Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

(жаңыланган 16:33 22.04.2021)
"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясын убактылуу өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында кабарланган.

Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.

Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт:

  • 09:00дөн 12:00гө чейин — Островская, Сухомлинов, Бакаев, Целинная көчөлөрүндө, андан сырткары Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Ак шоокум, Адышева көчөлөрүндө) болбойт;
  • 09:00-19:00 — Алыбаев, Маликов, Термечиков, Захарьев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 09:30-14:00 — 10-кичи райондо (№36, 36/1, 37/1, 37, 38 үйлөр);
  • 09:30-17:00 — Ахунбаев, Бектенов көчөлөрүндө, Балхаш туюк көчөсүндө, 9-кичи райондо (№6Б үй), Арча-Бешик конушунда (Кызыл-Адыр, Термечиков, Камбар-Ата, Бердибаев, Эр-Тайлак, Шералиева, Проектируемая, Арча-1 көчөлөрүндө);
  • 09:30-18:00 — Лев Толстой, Леваневская, Строительная, Красная, Тыныбеков, Матыев көчөлөрүнүн тилкесинде, Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында (Максат, Медина, Республиканская, Мыскал, Кулиев, Полевая, Азаттык, Коммунаров, Айкөл, Козу-Баглан, Жийде, Жаз, Минская, Багратион, Краснодонцев жана Малышев көчөлөрүндө);
  • 10:00-14:00 —Урожайная жана Аламүдүн көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 10:00-17:00 — Жумабек, Осмонкул, Баетов көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 12:00-17:00 — Шота Руставели, Севастопольская, Үчүнчү линия көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Абдраев, Месароша көчөлөрүндө, Чугуевск туюк көчөсүндө, 5-кичи райондо (№79-83, №72/1, "64,65 үйлөр) өчүрүлөт.
Белгилер:
өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр