БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Акыркы күндөрү милиция кызматкерлери баңгизатты жайылтуунун бир нече каналын жок кылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
10-июнь күнү Аламүдүн районунда баңгизат сатып жаткан жеринен 43 жаштагы жаран кармалган. Териштирүү маалында анын баштыгында пияздын ичине салынган 1 килограмм 66 грамм героин бар экени аныкталган.
Экинчи окуя ошол эле күнү Жайыл районунда катталган. Милиция кызматкерлери шектүү Mazda 626 үлгүсүндөгү унаанын артынан түшкөн. Машинаны токтотуу талабына баш ийбеген айдоочу ылдамдыгын жогорулатып из жашырууга аракет жасаган. Ошол эле маалда жүрүп бараткан унаанын арткы эшигинен баңгизат салынган каптар ыргый баштаган. Акыры аталган унаа Панфилов районунун аймагынан милиционерлердин колуна түшкөн.
25 жаштагы айдоочунун унаасын текшере келгенде андан 26 килограмм кара куурай чыккан. Унаанын ичиндеги эки жүргүнчү ушу тапта издөөгө алынды.
Өткөн жекшемби күнү Жалал-Абаддагы Сузак районунун жашоочусунун үйүнөн 4 килограмм афган тектүү апийим табылган. Үйдүн бир бөлмөсүнөн жашыруун жай аныкталып, андан скотч менен оролгон төрт таңгак алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү киши буга чейин да баңгизат сатканы үчүн соттолуп, уюшкан баңгизат тобунун мүчөсү катары ИИМдин көзөмөлүндө турат.
Мындан тышкары, май айынын соңунда да баңгизатка байланышкан учур катталган. 31-май күнү "Манас" аэропортунан 49 жаштагы киши кармалып, учаар алдында андан 225 грамм нашаа табылган. Баңгизат банкадагы балга аралаштырып коюлган.
Бул киши да буга чейин бир нече ирет соттолуп чыкканы аныкталган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.