УКМК: Сириядан келип Кыргызстанда теракт даярдоого шектелген киши кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Величко в Черемушкинском суде
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Величко в Черемушкинском суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандын 2014-жылдан бери эл аралык террордук уюмга мүчө экени жана Сириядагы согушка катышканы аныкталган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген кырыгызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, аталган комитеттин контртеррордук иш-чараларынын негизинде теракт жасоону көздөгөн Я.У аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Ал 2014-жылдан бери эл аралык террордук топко мүчө болуп, атайын даярдыктардан өтүп Сириядагы согушка катышканы аныкталган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0