Базар-Коргондо атчан адам сууга агып кетти

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүОсень в Горном Алтае
Осень в Горном Алтае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атчан кетип баратып сууга агып кеткен адамды ӨКМдин куткаруучулары издеп жатат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Жинди-Сууга атчан өтүп бара жаткан киши агып кеткендиги тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Суудан өтүп баратып агып кеткен адам Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0